Курсту
окутуунун максаты НББПнын 1-максатынан келип чыгат: Бул колдонмо механика дисциплинасын окуп үйрөнүү
негизинен 3 бөлүктөн турат. Курстун биринчи бөлүгүндө механизмдерди түзүлүштүк, кинематикалык, күч
кыймылдык жактан талдоо жана түзмөлөө ыкмаларын кенен үйрөнө алышат. Курстун
экинчи бөлүгүндө жалпы машина курууда кеңири колдонуучу механизмдердин
түйүндөрүн жана алардын тетиктерин бекемдикке, ийкемсиздикке эсептөө тууралуу
кеңири маалыматтар берилген. Курстун үчүнчү бөлүгүндө, машиналардын тетиктерин
ажырамалуу жана ажыратылгыс бириктирүүгө, айланма кыймылды өткөрүүчү механикалык
кыймыл өткөргүчтөрдү, октолгоочторду жана муунак жаздыктарды эсептеп долбоорлоо
ыкмалары жана аларга мисалдар тууралуу толук маалымат ала алышат.