Курстун максаты: «Долбоордук
семинар» предметин окутуунун максаты студенттерге теориялык билимди практикада колдонууга
шарт түзүү. Бул иш-аракеттер аркылуу алар өз алдынча изилдөө жүргүзүү,
маалыматтарды чогултуу жана талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Семинарлар
студенттердин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана жаңы идеяларды иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгүн
өрчүтүүгө багытталган. Алар өз долбоорлорунда инновациялык чечимдерди
сунуштоону үйрөнүшөт. Студенттер көбүнчө команда болуп иштешет, бул өз ара
кызматташуу, жоопкерчилик бөлүштүрүү жана лидерлик сапаттарды өрчүтүүгө жардам
берет. Студенттер долбоордук иштин ар бир этабында жоопкерчиликти сезүүнү жана
өз алдынча иш алып барууну үйрөнүшөт.