“Ыктымалдуулуктар теориясы жана математикалык статистика”
дисциплинасы “Жогорку профессионалдык билим берүү” мамлекеттик стандарты менен
бекитилген окуу планында каралган. Бул дисциплина адисти калыптандырууда зарыл
болгон билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандырат. Курста каралган маселелер операциялык эсептөөлөр, оптималдык башкаруу сыяктуу дисциплиналарды
окуп-үйрөнүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт.