Дисциплинанын максаттары.   
Күндүзгү,
дистантык  (Бакалавр) окуу бөлүмүндө
билим берүүдө компетенттүүлүк мамиле менен студенттердин социалдык-инсандык
сапаттарын, адептик жана маданий баалуулуктарын калыптандырат; техникалык
билимдерди жана маалыматтарды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон
интеллектуалдуу, маданияттуу жана ата мекенди сүйгөн патриот инсанды
тарбиялайт; эс-тутумдун
негизинде  тарыхый ой жүгүртүүсүн
өнүктүрөт, азыркы көп улуттуу, көп маданияттуу коомдо өзүн идентификациялоого,
өз алдынча чечим кабыл алууга, өнүгүүгө жөндөмдүү компетенттүү инсанды
калыптандырат; 
    Дисциплинаны
окутуунун максаты  мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги
кесиптик билим берүү программасынын негизинде ылайык аныкталган.
 
ЖКББ НКББПнын  “Социалдык
экономикалык билим берүү” багыты  боюнча
төмөнкүдөй максат коюлат .
Доорлордун өнүгүшүнө жана алардын
айырмачылыктарына карата алган билимдердин жардамы менен ой жүгүртө алуусу,
болгон окуялардын келип чыгышын жана алардын жыйынтыктарына анализ бере
билүүсү;
-Бул предмет аркылуу  адам баласынын  байыркы жана орто кылымдардагы, б.а.
маалыматтар жетишсиз же таптакыр жок эсе  мезгилдеги тарыхын тийындар жана медал  эстеликтердин негизинде  өздөштүрө билүүсүнө жардам берет;